Ломбард Червонец

Алтын деген эмне?

Атынын келип чыгышы.

Байыркы славянча *zolto (орус. золото, укр. золото, эски слав. злато, польск. zloto) лит. geltonas "сары", латыш. zelts "алтын, алтындай" жакын; башка вокализм менен: готск. gulp, нем. Gold, англ. gold; андан ары санскр. hiranyam, авест. zаrаnуа "алтын", также санскр. hari "сары, алтындай, жашыл сымал", байыркы инди европалык уңгудан *ghel- "сары, жашыл, жаркын". Ушундан улам сары, жашыл деген түстөрдүн аталыштары келип чыккан.

“Күн” уңгусу менен байланышы (лат. sol, байыркы грек ?λιος) көп коошпойт.

ФИЗИКАЛЫК КАСИЕТИ

     Таза алтын – сары түстөгү жумшак металл. Кызылыраак келген түсү, мисалы монеталарга башка металлдар, атап айтканда жездин аралашканын айтып турат. Алтын жогорку жылуулук өндүрүүчүлүк жана төмөнкү электр каршылыгына ээ.
     Алтын – абдан оор металл: 46 мм диатердеги таза алтын тогологу 1 кг салмакка ээ. Алтын кум менен толтурулган бир литрдик бөтөлкө, болжол менен 16 кг салмагы бар. Алтындын оордугу – аны казып алууга артыкчылык берет. Шлюзда жууп-тазалоо сыяктуу жөнөкөй технологиялык процесстер алтынды жуулуучу түрүнөн чыгарып алуунун жогорку даражасын камсыз кылат. Алтын абдан ийилчээк жана чоюлчаак. Бир грамм салмактагы алтын күкүмүнөн үч километр узундуктагы чубалгы же адамдын чачынан 500 эсе ичке (0,0001 мм) алтын фольганы даярдаса болот. Фольганын мындай кагазчасынан күндүн нуру жашыл түскө ээ болот. Таза алтын абдан жумшак аны ытрмак менен дагычийип салса болот. Ошондуктан зер буюмдарда алтын дайым күмүш же жез менен ээритилип куюлат. Мындай эритмелердин курамы алтындын 1000 бөлүгүндөгү эритмелеринин салмагын көрсөтүп турат (Россия практикасында). Таза алтындын химиялык сынамы 999,9 туура келет – аны “банк” алтыны деп атап коюшат, анткени мындай алтындардан куймаларды жасашат.


Зер буюмдарды кантип кароо керек

     Зер буюмдарда нымдуу теринин тийүүсүнөн улам кар тактар пайда болуусун алдын алуу үчүн зер буюмду чечкенде дароо кургак фланель менен сүртүп коюу керек.Ар кандай чарба жумуштарын жасаганда жана химиялык заттарга тийгенде шакекти, билерикти ж.б. зер буюмдарды чечип коюңуздар, бул алардын чийилип же сынып калуусунан ошондой эле кирдешинен сактайт. Айрыкча алтын жалатылган буюмдарды абалап урунуу керек.

     Ошондой эле сымап тузунан жана күкүрттөн даярдалган (сымап алтын менен амальгаманы пайда кылат, андан буюмда ак тактар пайда болот, ал эми күкүрт алтын жана күмүш менен кара түстөгү күкүрт сымал кошулманы пайда кылат) косметикалык каражаттарды пайдаланууда да зер буюмдарды чечип коюу сунушталат. Кара так алтын жана күмүш жасалгаларында йодду калтырат. Зер буюмдарын кургак имаратта кутуда сактоо керек. Өзгөчө күндүн ултьракөгүлтүр нурунан боегунун интенсивдүүлүгүн жогото турган аметистти, түстүү топаздарды (алтындан башка), бермет жана бирюзаны абайлап сактоо керек.

Күмүштөн жасалган буюмдарга камкордук көрүү

Өңү тез оңуп кеткен күмүш буюмдарын калыбына келтирсе болот. Алгач каалаган кир жуугуч каражаттар менен, андан кийин натрий гипосульфитинин эритмеси (100 г сууга 20г) менен жана жылуу суу менен жууш керек. Күмүш жана күмүш жалатылган буюмдарды жылуу суу менен аш содасын кошуп (1 л сууга 50 г) же жылуу самын сууга нашатыр спирти менен (1л сууга 1 ст.) жууп, тазалап жаңылап койсо болот. Андан кийин буюмду таза сууда чайкап, кургаганга чейин жумшак аарчыгыч менен сүртүү керек.
     Ошондой эле айнек таштуу күмүш жасалгаларды (фольга анегинен тышкары) да тазаласа болот. Эмалданган күмүш буюмдарды нашатыр спиртинин бир нече тамчысын кошуу менен тиш күкүмү менен тазалайт.

Алтындан жасалган буюмдарды кароо

      Кара жумуш же үй иштерин жасаганда металл менен ташты чийип албоо үчүн шакекти чечип койсоңуз болот. Йод менен алтын буюмунун тийишинен пайда болгон такты буюмдуфотографияда колдонулуучу гипосульфит эритмесине буюмду (1 л. стакан сууга) 15-20 мүнөт салып оңой эле кетирипе койсо болот, андан кийин буюмду таза суу менен чайкап, фланель менен кургата сүртүп коюу зарыл. Өңү оңуп кеткен алтын жалатылган буюмду бир кашык “Белизна” суюк каражаты жана жумуртка агын нымдап аралаштырып, фланель менен сүртүп жылтыратып койсо болот.

      Нымдуу териден улам алтын шакектерде, сөйкөлөрдө, билериктерде, сааттарда кара тактар пайда болбоосу үчүн, аларды чечкенде замшы же фланель менен сүртүп коюңуздар. Алтын жалатылган буюмдаг ыкирди скипидар же этил спиртинде нымдалган кебез тампону менен тазаласа болот. Алтын буюмдарга сымаптын негизинде даярдалган косметикалык каражаттын тийүүсүнөн сактагыла. Сымап алтынды бузуп, өңүн өзгөртүп салат.

Берметтен, перламутрдан, кораллдан, таш чайырдан, гагатадан ,сөөктөн жасалган буюмдарды кароо

Бермет, перламутр, коралл, таш чайыр, гагат, сөөктөн жасалган буюмдар аларды тагынып жүргөндө өтө этияттык менен мамиле кылууну талап кылат, анткени табигый органикалык материалдар өзүнүн негизги массасында жумшак, тешиктүү жана морт болушат. Жууганда кислота, шакар жана аммиак кошулмаларын пайдаланбагыла. Бардык эле кир жуугуч күкүмдөр мындай буюмдарды тазалоодо каршы көрсөтмөсү бар. Таш чайыр үчүн кадимки тиш күкүмүн колдоно берсе болот. Жылуу суу жана жумшак аарчыгыч же кисточка буюмдарды кирдөөдөн сактайт.

     Өзгөчө өзүнүн курамында сымап жана күкүрт бар косметика (кремдер, лосьондор ж.б.), тийгенде терс химиялык реакцияны пайда кылып, жасалгалардын тышкы көрүнүшүнө терс таасир бериши мүмкүн. Механикалык соккулардан (өзгөчө бермет жана перламутрадан) качуу керек. Бермет, бирюза, малахит, коралл жан аташ чайыр жогорку нымдуулукту начар кабыл алат. Тагынып жүргөндө бозоруп, өңү өчүшү мүмкүн. Берметке жогорку кургактык жана жогорку нымдуулук терс таасир берет. Ал кислоталардын, тердин ,косметикалык каражаттын, чач лагына да )өзгөчө аэрозол түрүндө) абдан сезгич келет. Накта берметтеги май катмарлар аны самын суу менен жууп, аарчып, кургатып койсо кетип калат. Таш чайыр оттон күйүп кетиши мүмкүн, сүргөндө гагат сыяктуу учкундар чыгат.

 



 

Байланыштар

Бизге кат жазсаңыз


Биздин дарек

Бишкек ш. – Байтик- Баатыр көч., 67/1
(Мега Трейд соода борборунда жайгашкан).


Биздин телефон

+966 (312) 47-47-77


Иш убактысы

Иш күндөрү 9-00 дөн 17-00гө чейин, түшкү тыныгуусуз.

Ишемби 9-00 дөн 13-00гө чейин.

Дем алыш: жекшемби




*  сөзсүз киргизүү үчүн орундар белгиленген
* Сиздин атыңыз

* E-mail

* Телефон

* Билдирүү

Введите этот код:


Код проверки


 
Ломбард "Червонец"