Ломбард Червонец

КҮРӨӨКАНАЛАРДЫН ТАРЫХЫЙ ӨНҮГҮҮСҮ

     Күрөөкана адамзат тарыхындагы байыркы финансылык институт болуп эсептелет жана бай тарыхы бар. Грек жана рим жылсанакчыларынын күрөөканалар жөнүндөгү алгачкы жазу жүзүндөгү эскерүүлөрү байыркы Кытайда мындан 3000 миң жыл илгери болгонун күбөлөндүрөт.

   Азыркы түшүнүктө күрөөканалар Европада орто кылымдарда пайда болгон. Экономикадагы кыйынчылыктардан жанабанк системасындагы проблемалардан улам көбүрөөк күрөөканалар пайда болгон. Италиялык Ломбардия провинциясынан чыккандар Францияда жана Англияда Ломбарди үйүн негиздешкен, ал Европа боюнча ссудалык-күрөө мекемелеринин тармагына ээ болгон. Ломбарди үйүнүн кардарлары королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрү да болгон, мисалы, Англия королу Эдуард IIIнү айтсак болот. Испания канышасы Изабелла күрөөканага каухар таажысын коюп, Колумбдун Америкага болгон саякатын каржылаган. Ломбарди үйүнүн символу болуп 3 алтын шардан турган сүрөт эсептелген ,алар дүйнө жүзү боюнча күрөөканалардын универсалдуу соода маркасы болуп бүгүнкү күнгө чейин эсептелген, бирок Россияда эмнегедир бул жайылтылган эмес. Мамлекеттердин күрөөкана мекемелерин уюштурууга болгон биринчи аракеттери XVII кылымдын башталышына туура келет. Бул багыттын башында тургандар болуп Англия менен Бельгия эсептелет.

     Россияда калкты насыя менен камсыздоого карата биринчи чаралар Анна Иоанновнанын падышалыгына туура келет, ал 1729-жылдагы указы менен монета конторунда алтын жана күмүш буюмдарды күрөөгө коюп, үстөк пайыз менен карыз акчаларды бердире баштаган.

     Елизавета Петровнанын учурунда Карыз берүчү банк түзүлгөн, анын милдетине кымбат маалуу күрөөлөргө дагы карыз берүү кирген.1772-жылы Санкт-Петербург жана Москва карыз казыналары ачылган. Бул мекемелер казыналык күрөөкана болуп эсептелген.

   Капиталисттик мамилелердинөнүгүүсү менен кайрадан жеке жана акционердик күрөөканалар жарала баштаган. Мындай типтеги мекемелердин гүлдөө мезгили ар бир өлкөдө рынок мамилелеринин активдешүүсү менен байланыштуу. Россияда жеке ломбарддар XIX кылымдын аягында жаралган.

     Россиядагы күрөө ишмердигинин өнүгүшү биринчи дүйнөлүк согуштун алдындагы жана согуш жылдарындагы учурга туура келет. Эгер 1904-жылы Россияда 12 акционердик, 77 шаардык жана муниципалдык күрөөкана болсо, 1916-жылы акционердик күрөөканалардын саны 92%га, шаардыкы 42%га, казыналык күрөөканалар мурдагы санында калды.

     Муну менен чоңдугу боюнча биринчи капиталдардын ордун жеке капитал ээлеген – 53,8%. Жеке күрөөканалардын жогоруда көрсөтүлгөн мезгил үчүн капиталдардын инсендивдүү өнүгүшү 99,15ды түзгөн.

     Келтирилген малыматтардан улам акционердик жеке күрөканалар көьүрөөк өнүккөнү көрүнөт, анын үстүнө жеке капитал борбор болуп эсептелген Петербург жана Москва шаарларында болгон.

     Жеке күрөөканалар казыналыке жана шаардык күрөөканаларга караганда бир кыйла пайдалуу шарттарга ээ болгон, анткени аларга акцияларды чыгаруу менен каптиал тартуу мүмкүнчүлүгү ачылган, бул күрөөканалардын ишин карыздарды азыраак тартууда негизинен өздүк каражаттарды пайдалануу менен камсыздаган. Шаардык жана казыналык күрөөканалар негизинен каражаттын жетишсиздигинен, накталай акча каражаттарынын жоктугунан туруксуз иштеген.

     Россиядагы Октябрь төңкөрүшү күрөөкана бизнесиндеги жеке ишмердиктин өнүгүшүн токтоткон. 1971-жылдын 14-декабрында бардык банка ишмердигин улутташтыруу жөнүндө декрет чыккан, анын артынан насыялардын өзүнчө түрлөрү боюнча бир нече тескемелер чыккан. 1919-жылы Петроград жана Москва карыз казыналары жоюлган, шаардык күрөөканалар жергиликтүү бийликтин тескемеси менен жоюлган, жеке күрөөканалар болсо менчик коммерциялык банктарды эоюуга карата бөлүшүлгөн.

     Шаардык күрөөканалар Россиянын аймагында 1922-жылы гана кайрадан ачылган. 70 жыл бою алардын СССРдеги монополиялык жашоосу күрөөкананын терс имиджин жараткан: аягы жок кезектер, абдан аз насыялар. Сунуштардын үстүнөн суроо-талаптын жогорулашы жана кызматкерлердин сапаттуу ишке кызыкчылыгын жоктугу кардарларга этиятсыз орой мамилелерди жараткан.

     Россиядагы кайра куруунун башталышы менен күрөөкана бизнесине жеке капитал кызыкчылыгы кайра жаралган. Күрөөканалардын өсүү саны жана атаандаштыктын өнүгүшү тейлөөнүн жогорку сапатына алып келген. Заманбап күрөөканалар – бул ар түрдүү техника менен жабдылган, кардарларды тейлөө чөйрөсүндө банктардан кем калышпаган жогорку технологиядагы мекемелер.

     Социологиялык изилдөөлөр Россиядагы акыркы 3-4 жылда элдин күрөөканаларга болгон мамилесинин жакшырганы дагы байкалууда.

     Күрөөканалар азыркы учурда дүйнө жүзүндө бар жана таң калыштуусу күчтүү экономикасы бар жанажашоо деңгээли жогору өлкөлөрдө кеңири жайылтылган. Мисалы АКШда 16000ден ашык лицензияланган күрөөкана, Австралияда 3000дей күрөөкана бар.
Күрөөкананын мамлекеттик системалары тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө гана калды. Бул система өзүнө өлкө боюнча 500дөнашык бөлүмүн камтыйт жана мамлекетке таандык.

Күрөөкана тармагынын дүйнөдөгү өнүгүү тарыхы жана заманбап абалы күрөөканалар көюүрөөк перспективага ээ жана ар бир өлкөнүн экономикасында маанилүү роль ойнойт.

БАШКА ТИЛДЕРДЕ КҮРӨӨКАНАЛАР КАНДАЙ АТАЛАТ

Англис тилинде... pawnshop, pawnbroker
Литва тилинде... lombardas
Болгар тилинде...sobstvenik na zaiozhna kyshta
Чех тилинде... majitel zastavamy
Данияда... pantelaner
Голландияда..lommerdhouder; pandjesbaas
Француз тилинде... preteur sur gages
Немис тилинде... Pfandleiher
Португал тилинде... prestamista sob penhor
Испан тилинде... prestamista sobre prenda, sacaprendas
Эстон м... pandimajapidaja
Фин тилинде... panttilainaaja
Польшада... wlasciciel lombardu
Швед тилинде... pantbelaning
Мексикада... Monte de Piedad

 



 

Байланыштар

Бизге кат жазсаңыз


Биздин дарек

Бишкек ш. – Байтик- Баатыр көч., 67/1
(Мега Трейд соода борборунда жайгашкан).


Биздин телефон

+966 (312) 47-47-77


Иш убактысы

Иш күндөрү 9-00 дөн 17-00гө чейин, түшкү тыныгуусуз.

Ишемби 9-00 дөн 13-00гө чейин.

Дем алыш: жекшемби




*  сөзсүз киргизүү үчүн орундар белгиленген
* Сиздин атыңыз

* E-mail

* Телефон

* Билдирүү

Введите этот код:


Код проверки


 
Ломбард "Червонец"