Ломбард Червонец

Саламатсыздарбы!

Бул бөлүмдө сиздер автоунаа каражаттарын күрөөгө коюу менен кредит алуунун бардык

зарыл шарттары менен тааныша аласыздар. Ошондой эле кардарлар тарабынан көп

берилүүчү суроолорго жооп аласыздар.

1. Автоунаалар менчик ээсинин атынан гана техникалык паспорт боюнча күрөө катары

каралышы мүмкүн. (Ишеним кат каралбайт)

2. Күрөө катары каралып жаткан автоунаа Бишкек шаарынын Унаа каражаттарын каттоо департаментинин Адистештирилген мамлекеттер аралык каттоо бөлүмүндө (СМРО ДРТС) каттоодон өтүшү керек.

3. Унаа каражаты оң абалда болууга жана жүрүп турууга тийиш.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Унаа каражаттарын жана айдоочу курамды каттоо департаментинин Адистештирилген мамлекеттер аралык каттоо бөлүмү (СМРО ДРТС и ВС ГРС Кыргыз Республикасы) органынан автоунаанын камакка коюлгандыгы же коюлбагандыгы же кошумча милдет артылгандыгы же артылбагандыгы тууралуу маалым кат талап кылынбайт.

Кредит берүү чечими 30 мүнөттөн 2 саат аралыгына чейин кредитор тарабынан кабыл алынат. Бул убакыт аралыгында бардык уюштуруу маселелери: шарттарды талкуулоодон тартып келишимге кол коюуга жана автоунааны күрөөгө коюу менен акча алганга чейинки маселелер талкууланат.

Күрөө кайтарууга алынган аймакта сакталып турат, анын акысы күрөө коюучудан алынат.

Биздин кардарлар үчүн өзгөчө шарттар: күрөөнүн мөөнөтүн узартууга чек коюлбайт, биринчи айга пайыздарды төлөгөндөн кийин андан кийинки төлөмдөр төлөө күнүнө карата, башкача айтканда, суткасына чегерилет. Келишим боюнча белгиленген мөөнөттөн өтүп кетсе дагы айыптык % төлөмү колдонулбайт.

«ПАЙЫЗДЫК ЧЕН» бөлүмүндө сиз “Күрөө мүлкүнүн түрүн – автону” тандоо менен каалаган суммага жана талап кылынган мөөнөткө пайыздарды өзүңүз эсептеп чыгарып алсаңыз болот.

Унаа каражаттарын күрөөгө коюу боюнча кыйла кеңири маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу ала аласыздар: +996 550 98-57-75, +996 312 47-47-77

Кардарды тандоо укугун күрөөкана өзүнө калтырат.

Автозайым

 

 



 

Байланыштар

Бизге кат жазсаңыз


Биздин дарек

Бишкек ш. – Байтик- Баатыр көч., 67/1
(Мега Трейд соода борборунда жайгашкан).


Биздин телефон

+966 (312) 47-47-77


Иш убактысы

Иш күндөрү 9-00 дөн 17-00гө чейин, түшкү тыныгуусуз.

Ишемби 9-00 дөн 13-00гө чейин.

Дем алыш: жекшемби




*  сөзсүз киргизүү үчүн орундар белгиленген
* Сиздин атыңыз

* E-mail

* Телефон

* Билдирүү

Введите этот код:


Код проверки


 
Ломбард "Червонец"